Майо́тта (фр. Mayotte, комор. Maore) — Франциянын алыскы суу аралдык департаменти (département d’outre-mer, или DOM). Регион 1976 жылдан бери Франция жана Коморлор ортосунда Талаштуу аянт болуп саналат.Коморлор мыйзамы тууралуу Майотта аралы өзэркин арал болуп саналат. БУУ Майотта аралын Коморлордун аянты кылып санайт[1][2].

Майоттэ департаменти
фр. Mayotte

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:Mayotte (orthographic projection).svg, LocationMayotte.png и LocationMayotte.svg
Расмий тили Француз тили
Борбор шаары Мамудза
Ири шаарлар Мамудза
Башкаруу формасы Франция департаменти, Суу департаменти
Бен Иса Осени
Аянты
• Жалпы

376 км² км²
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

246 489 адам (187чи)
ад./км²
ISO коду YT

Майотта (Маоре), Памандзи, Мзамбуру ж. б. бир нече майда аралдарды (баары Комор аралынын курамына кирет) ээлейт. Аянты 374 км2. Калкы 220,0 миң (2010); калкынын негизин коморлуктар (68,6%, вамаорлор) түзөт. Ошондой эле малагасийликтерге окшош шибуштар (23,7%), суахили, макуа, маконде, креол-реюньон да жашайт. Эл аралык аэропорту бар. Мусулман (97%) жана христиан (католик) динин тутат. Расмий тили – француз тили. Борбору – Мамуцу (калкы 8 миңге жакын; шаар айланасы менен 50 миң). Административдик-аймактык жактан 17 коммунага бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.

Майотта.

Арал жанар тоолордун аракетинен пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Эң ири жана бийик аралы – Майотта (бийиктиги 660 м, Бенара чокусу). Климаты тропиктик пассаттык. Ноябрдан майга чейин нымдуу жана кургак. орточо айлык температурасы 28°С, эң суук айыныкы 23°С. Жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Кыска соолуп калуучу агын суулары бар. Флорасы менен фаунасы – негизинен эндемиктер. Тоонун жогорку айдарым капталдарында жыш тропик токою өсүп, анда лианалар (токой чырмоогу), дарак сымал папоротниктер, орхидеялар, этегинде жана жээк ойдуңдарында бадалдар, кээ бир жерлеринде мангр өсүмдүктөрү кеңири таралган. Сүт эмүүчүлөрдүн 20га жакын түрү (анын ичинде мадагаскар фаунасы) кездешет.

Майотта султаны аралды 1841-жылы Францияга берүүгө макулдугун берип, ошондон анын ээлиги болуп калган. 1946-жылдан Комор аралдарындагы Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусун алган. 1974-жылы өткөрүлгөн референдумда архипелагдын 3 аралы көз каранды эместик үчүн добуш беришкен. Ал эми Майотта франциялык болуп калууну чечкен. Ошондой болсо да 1998-жылдан статусун өзгөртүп, департамент болууга БУУ аркылуу аракет жасоодо. 2001-жылдын июлунан Франциянын административдик-аймактык бирдиги. 2009-жылдын мартында өткөрүлгөн референдумда «деңиздеги алыскы аймак» статусун алуу үчүн добуш беришкен (ал 2011-жылдын 31-январынан күчүнө кирген). Бирок муну Комор Аралдары Союзунун өкмөтү тааныбай келет. Майоттанын экономикасы француз субсидияга, сырттан алынган азык-түлүккө жана күндөлүк керектелүүчү товарга көз каранды. Айыл чарба – экономикасынын негизги тармагы. Кокос пальмасы, ваниль, иланг-иланг (мөмө-жемиш) өстүрүлөт. Балыкчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун Узундугу 100 км (анын ичинде 70 кми асфальтталган). Деңиз порту – Дзаудзи (Памандзи аралында). Сыртка ваниль, иланг-иланг, копра, кокос жаңгагын чыгарат. Экспортунун 80%и Францияга туура келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named АМ2010
  2. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named ГАООН