Майский, Иван Михайлович

Майский, Иван Михайлович (1884 — 1975) — сов. дипломат, тарыхчы, публицист, СССР ИАнын акад. (1946).

  • 1921-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1903—19-ж. РСДРП мүчөсү, меньше­вик.
  • Революциячыл иши үчүн 1906-ж. кармалып, Тобол губна айдалган. Февр. революциясынан (1917) кийин эмиграциядан (1908-ж. кеткен) Россияга келип, 1922-жылдан сов. дипл. иште. 1929— 32-ж.
  • СССРдин Финляндиядагы полномочиелүү өкүлү, 1932—43-ж. СССР-дин Улуу Британиядагы посолу.
  • 1943—46-ж. СССР тышкы иштер эл комиссарына орун басар жанa Союздаштар ортосундагы репарациялык комиссиянын (Москва) пред-ли.
  • СССР, АКШ, Улуу Британия окмот башчыларынын Крым (1945), Потсдам (1945) конференцияларына катышкан.
  • 1935 —37-ж. СССР БАКтын мүчөсү, 1941— 47-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кан­дидат.
  • 1946-жылдан ил. жанa ил. педагогикалык иште.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.