Майфлевер (Май гүлү)
Майфлевер (Май гүлү) — Америкада чыгарылган шабдалы сорту.
- Россиянын, Украинанын түш. райондорунда, Орто Азияда, Армения жана Грузияда өстүрүлөт.
- Дарагы суукка байымдуу жана илдетке туруктуу. Үчүнчү жылы мөмө байлайт.
- Мөмөсү сүйрү, кызгылтым, түктүү, ширелүү, жумшак. Андан компот, кыям кайнатылат.
- Бул сорт Арменияда жана Өзбекстанда эрте бышуучу сортторду чыгарууга пайдаланылган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.