Макал

Макал жана лак«Салмагы жарым тоннадай, узуну 50 сантиметрдей, туурасы 80-90 сантиметр, калыңдыгы 10 сантиметрдей болгон чарчы жалпак ташты 1-2 а

Макаладамдардын көп жылдан бери келе жаткан философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуш тажрыйбаларынын негизинен алынган, бир же бир нече рифмалашкан жана ритмдешкен сүйлөмдө ойду бүтүрө айткан, тарбиялоо максатында колдонулган фольклордук чыгармалар. «Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы» болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым макалдардын мааниси окшош келет. Мисалы: «Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок» (вьетнам), «Желпигич сатчу колу менен желпинет» (кытай), «Боёкчунун шымы боёлбойт» (япон), «Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок»(афган), «Кайышчынын камчысы жок» (адыгей). Макалдар элдин турмуш тажрыйбасынан улам чыкканын, алардын жалпы нравалык функциясы бирдей экенин мына ушундан да байкоого болот. Макалдар таптык коомдо таптык мунөзгө ээ болот, башкача айтканда, эзүүчү тап бул же тигил элдик макалдарды өз максатына ылайык бурмалап пайдаланышат. Макалдар фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам турмушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кылып алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү