Макаров Владимир Петрович
Макаров Владимир Петрович (17. 1. 1944-жылы туулган, РФ., Свердлов облусу, Карпинск шаары) – физика-математика илимдеринин доктору (2001), техника илимдеринин доктору (2007), профессор (2004). Томск мамлекеттик университетин (1969), Воронеж политехника институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика институтунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1971–90), 1990-жылдан лаборатория башчысы. 2001-жылдан ошол эле жерде Маркетинг жана инновация (жаңылануу) башкармалыгынын башчысы. Физика институтунда лаборатория башчысы (2004–06), 2006-жылдан улук илимий кызматкер, ошол эле учурда КРСУда профессор. Макаров конденсацияланган абал, композициялык материалдар, наноматериалдар боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. 4 патент жана автордук күбөлүктүн ээси.
Эмгектери
түзөтүү- Закономерности развития сложных систем. Л., 1980; Влияние качества поверхности частиц на кинетику реакционного спекания нитрида кремния. Екатеринбург, 2005.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7