Макбел ашуусу
Макбел ашуусу — Кыргыз Ала-Тоосунун батышында. Кыргыз жана Казак Республикаларынын чек арасында.
Нылда жана Макбел сууларынын башталышынан орун алган. Бийиктиги 3037 м. Ашуунун бели анчалык татаал эмес, капталдары тик. Негизинен протерозойдун слюдалуу кварцит, амфиболдуу сланец, эклогит тектеринен түзүлгөн. Апрелден сентябрь айына чейин ачык. Мал ашырылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2