Макен Бакчеков — Ат-Башыдагы № 1 мектебин 1952-жылы бүтүрүп, Кыргыз Улуттук университетине тапшырып Биология факультетин 1958-жылы аяктап, ошол эле жылы 1958-жылы Ат-Башы райком комсомолунда иштеп баштаган.
1960-жылы Фрунзе шаарындагы №3 мектеп интернатында тарбиячы болуп иштеп, 1962-жылы Ат-Башы айылындагы мектеп интернатында мугалим болуп эмгек кылган. Ал эми 1964-жылдын тартып өмүрүнүн аягына чейин Ат-Башыдагы чумага каршы станциясында зоолог болуп эмгектенип, ошол мекемеде партиялык уюмун жетектеген. Саламаттык сактоонун отличниги. 1990-жылы 20-ноябрда ооруп каза болгон. Жубайы Жуманалиева Сайрагүл өмүр бою Ат-Башы айылында №2 мектепте биология сабагынан сабак берип эмгектенген, "Эл агартуунун мыктысы", азыр пенсияда. Уул-кыздары Бакчеков Мухаммед, Бакчекова Күлүйпа, Бакчеков Алмазбек, Бакчекова Салтанат үй-бүлө күтүшүп өчөр-бачар жашашат.