Сыдыкбаев Макен (1937-ж. т., Жети-Өгүз району, Кытай айлы) — кыргыздардан чыккан биринчи профессионал театр сүрөтчүсү, сүрөтчү.

Сыдыкбаев Макен

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992). Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2004). А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. Г. Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

1958-ж. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-ж. В. И. Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1964-жылдан орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.
1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, 1972—75-ж. опера балет театрында башкы сүрөтчү, 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын көркөм-сүрөт фондусунда сүрөтчү.
1979-жылдан академиялык драма театрда башкы художник, 1985-жылдан кайрадан опера балет театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү болуп иштеген.
«Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик иштери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.