Маклер – сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда соода мамилелерин кесипкөйлүк менен жүргүзгөн далдалчы. Көбүнчө товарды, баалуу кагаздарды сатууда жана тейлөө, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүдө, ошондой эле шериктер ортосунда соода келишимдерин түзүүдө өзгөчө роль ойнойт. Биржа маклери бир кызматчыларынын курамына кирип, соода секцияларында соода иш-чараларын жүргүзүп, сатуучу менен сатып алуучу жактын брокерлеринин оозеки келишимдерин каттайт. Мындан маклер ар бир тараптан келишимдин наркына карата пайда көрөт.

Биржа маклерлерин лицензиялоо түзөтүү

АКШ түзөтүү

АКШда биржа маклерлерин лицензиялоо менен U.S. Securities and Exchange Commission жана Financial Industry Regulatory Authority алектенет. Ошондой эле далдалчы фирмалар, штаттан башка штатта өзгөрүлүүчү жергиликтүү юрисдикциянын эрежелерине баш ийет. АКШнын бардык штаттары үчүн жалпы кеңири таралган нерсе болуп CFD насыясы менен соодасын камсыз кылган брокердик фирмага лицензия берүүдөн баш тартуу саналат. Мындай биримдик CFD сатууда чекене инвесторлордун 76% эсептери акчаларын жоготкондугу менен түшүндүрүлөт.[1][2]

Бириккен Падышачылыгы түзөтүү

Великобританияда биржа далдалчылары Financial Conduct Authority тааныган статусту алыш үчүн окуудан өтүүгө тийиш. Далдалчынын лицензиясын Financial Services Registerден текшерсе болот.[3][4]

Франция түзөтүү

1996-жылы финансылык ишкердикти модернизациялоо жөнүндө мыйзамын кабыл алгандан кийин, биржа далдалчыларынын ордуна инвестициялык компаниялар келди.[5]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Top 15 Broker-Dealer Firms for 2021. investopedia.com. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  2. Is Trading 212 a Scam?. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. Regulated Broker. fca.org.uk. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  4. Welcome to the Financial Services Register. register.fca.org.uk. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  5. Loi n° 96-597 du 2 juillet 1996 de modernisation des activités financières. legifrance.gouv.fr. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2021.

Колдонулган адабияттар түзөтүү