Макраканторинхоз (-Масгасаn- thorhynchus hirudinaceus) илмек баштуу мите курттун кесепетинен болчу чочко дарты.

Мите саратан, кыкчы кара коңуздардын ж. б. катышуусу менен өөрчүйт. Дарт тоют менен кошо коңузду жегенде жугат. Мите ичеги-карында 70—110 күндө өсүп жетилет да, организмде 1—2 жылча мителейт. Чочко Макраканторинхозго катуу чалдык-канда тоютка көдүлү чаппай, ичеги-карды түйүлүп, кан аралаш чычкактайт, арыктайт. Торопойлор кеч же­тилет. Диагноз лабораториялык, клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Дарылоо али иштелбеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.