Макроэкономика
Макроэкономика — экономика илиминин өлкөнүн экономикасына таандык ири масштабдагы кубулуштарды жана процесстерди изилдеген бир бөлүгү; улуттук деңгээлде өз ара байланышта иш алып барган экономикалык процесстердин жыйындысы; улуттук чарбаны бир бүтүн нерсе катары изилдеген экономикалык теориянын бөлүгү. Термин алгач 1934-жылы Р. Фишер тарабынан сунушталган. Ал эми макроэкономикалык жаңы багыттын негиздөөчүсү англиялык экономист Ж.М. Кейнс (1936-жылы жарык көргөн «Иш менен камсыз болуу, акча жана пайыздын жалпы теориясы» эмгегинен кийин) болгон. Макроэкономика өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн факторлорун жана жыйынтыктарын, чектелген ресурс шартында экономикалык өсүүнүн тенденцияларын изилдейт. Макроэкономика объектиси катары жыйынтыкталып жалпыланган экономикалык көрсөткүчтөр (улуттук жана ички дүң продукциялар, улуттук киреше, мамлекеттик жана жеке суммалык инвестициялары, жүгүртүүдөгү жалпы акча көлөмү) эсептелинет. Ошол эле учурда макроэкономика өлкөдөгү орточо экономикалык көрсөткүчтөрдү (орточо киреше, орточо эмгек акы, инфляция деңгээли, жумушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгектин өндүрүмдүүлүгү, экономикалык өсүүнүн темпи жана түзүлүш пропорциялары) да изилдейт.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7