Максымбеков Саматкул (1942-ж.т., Шакафтар айылы) - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери (1999), райондун ардактуу атуулу.

Токмок айыл чарба техникумун (1968) жана Ан-жиян шаарындагы пахтачылык боюнча институтун (1978) бүткөн. 1960-71-жылдары Ала-Бука районунун «1-Май» колхозунун жумушчусу, механиги, башкы инженери, 1971-80-жылдары Чаткал райондук мал чарба станциясынын директору, 1980-83-жылдары Эл депутаттарынын Чаткал райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1983-91-жылдары «1Май» колхозунун башкармалыгынын төрагасы, 1991-2000-жылдары Ала-Бука райондук жер инспекциясынын начальниги, райондук дыйкандар союзунун төрагасы, нефтебазанын директору, «1-Май» айыл өкмөтүнүн башчысы, 2001-04-жылдары “Кыргыз айыл техсервис” лизинг компаниясынын Ала-Бука рйондук бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 70-жылдары Чаткал районунун алыскы дың жерлерин өздөштүрүүгө зор салым кошкон. Талас облустук, Чаткал райондук кеңештеринин депутаты. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6