Мактоо грамотасы - Мектепте окуучуларга берилчү сыйлык. СССР ЭКС менен ВКП(б) Бкнын чечими боюнча 1935-жылдын 3-сентябрынан башталгыч жана орто мектептерге киргизилген. Мактоо грамотасы менен бүтүрүү жана класстан класска көчүрүү экзамендерин өтө ийгиликтүү тапшырган окуучулар сыйланат. Ошондой эле коомдук иште, конкурстарда, олимпиадаларда жана спорттук мелдеште чоң ийгиликке жетишкен окуучулар, окуучулар коллективи да сыйланат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004