Малакка, Мелака (малайяча Melaka, англисче Malacca) – Малайзиядагы шаар. Малакка штатынын (губернаторлугунун) административдик борбору. Малакка жарым аралынын түштүк-батышында, Малакка кысыгына Малакка дарыясына куя бериштеги жээкте, Куала-Лумпурдан 150 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Калкы 201,4 миң (2010; шаар агломерациясында 400 миң). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. Шаар 1400-жыл ченде негизделген. 15-кылымдан Малакка султандыгынын борбору болгон. Өнөр жай зонасында 2 нефть ажыратуучу завод, адистештирилген экономикалык аймагында жарым өткөргүчтөр, резинатехникалык, табигый каучук иштетүүчү ишканасы, эмерек, текстиль, фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика, тамак-аш (пальма, кокос майы, балык беленделет) өнөр жай иштейт. Султан Мансур шахтын ак сарайы (15-кылым), А-Фамоза чеби (17-кылым, португалиялык), мечиттер, ратуша, Британия ээлик кылып турган мезгилдеги курулуштар, кытай кварталында Чандын үй-бүлөсү жашаган үй (1896; учурда музей, кытайлыктардын тарыхый мурасы), «португалиялыктардын тургун жайы» (португалиялыктардын түпкү теги – кристанг жамаатынын кварталдары), парк жана мемориалдык кытай күмбөздөрү (17–1-кылым), будда храмдары, диний архитектуранын эстеликтери [Перингит (1720-жыл чен), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728-жыл чен), Кампунг-Келинг (1748) мечиттери, кытай храмы Чэн-Хунь-Тэн (17-кылымдын ортосу)] сакталган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Малайзия мамлекеттик технологиялык (2000), менчик «Мультимедиа» (1976) университеттеринин кампустары, бир нече музейлер (анын ичинде королдук аскер-деңиз), китепканалар ж. б. бар. Зоопарк (1963) уюштурулган. Шаардын четинде деңиз климаттык Танжунг-Бидара курорту жайгашкан.

Шаар
Малакка
мал. Melaka
Өлкө

Малайзия

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

277

Калкы
Калкынын саны

579,000[1] (2019)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+08:00

Телефон коду

60 6

Почта индекси

75xxx — 78xxx

Автоунаа коду

M

http://www.mbmb.gov.my/

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Булактар түзөтүү