Малевич Казимир Северинович

Малевич Казимир Северинович [11 (23). 2. 1878 (79), Киев – 15. 5. 1935, Ленинград] – советтик сүрөтчү, график, искусство теоретиги, орус авангардизминин көрүнүктүү өкүлү. Абстракттуу искусствонун суперматизм аталган түрүн негиздеген («Кара квадрат», 1913). Малевич Киевдеги сүрөт мектебинде (1895–96), Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1904) жана Ф. И. Рербергден (1905–10) окуган. 1911–12-жылдары неопримитивисттик маанайдагы чыгармаларды, 1914–15-жылдары супрематикалык (ачык фондо геометриялык жөнөкөй түркүн түстүү фигуралардын айкалышы) сүрөттөрдү, 1920-жылдардын 2-жарымында супрематикалык мейкиндиктик конструкцияларды жараткан. 1920-жылдарда постсупрематикалык живопистик иштери пайда болгон. 1912–15-жылдардагы эмгектеринин стилине «акылдуу реализм», «кубофутуристтик реализм» деген аныктама берген. 1915-жылы Петроградда өткөн көргөзмөдө Малевич «Живопистеги супрематизм» деген жалпы аталыш менен 39 сүрөтүн («Ак фондогу кара квадрат», «Кара квадрат» ж. б.) койгон. М. В. Матюшиндин «Күндө жеңүү»(1913) операсын жана В. В. Маяковскийдин «Мистерия-буфф» чыгармасынын постановкасын жасалгалаган. Малевичдин чыгармачылыгы 20-кылым искусствосуна зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү