Маллицкий мөңгүсүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Үзөңгүкууш суусунун башында жайгашкан.

Уз. 9,7 км, аянты 14,9 км2, абляция облусунун аянты 7,2 км2. Башы деңиз деңг. 5010 м, этеги 3670 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4600 м. М. м. өрөөнгө тегиз тик бет аркылуу жылып түшүп, этеги кууш. Омкорулган муздар өрөөндүн таманында чокмороктошуп үйүлүп жатат. Бул жерде жаңы морена дөбөчөлөрү бар. Мөңгү бийик аскалуу кашатта аяктайт; Айталаа өрөөнүнүн таманына ортоңку морена жалчасы менен текши капталган бөлүгү гана жетет. Мөңгүдөн башталган суу 80 м бийиктиктеги аскалуу кашаттан агып түшүп, шаркыратманы пайда кылат. Андан Чоң Үзөңгүкууштун башаты – Айталаа суусу башталат.

Колдонулган булак түзөтүү