Башбаракты ачуу

Малов Сергей Ефимович (1880-1957), россиялык жана советтик атактуу лингвист, түрколог, тарыхчы-чыгыштаануучу, СССР ИАсынын мүчө-корроспонденти. Байыркы түрк (кыргыз) руникалык жазма эстеликтерин которуп, комментарийлерди берген окумуштуу. Кыргыз тили менен Енисейдеги жазма эстеликтеринин тилинин жалпы, бир экендигин тактаган илимпоз. Лобнор жана сары уйгур (сарыг угур, юйгу) тилдери байыркы кыргыз тилинин бир диалектиси, жаңы кыргыз тилинин өткөөл доордогу тиолдери деген аныктама берген. 1944-ж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил, адабият жана тарых институтунун окумуштуулар жамааатына Енисейдеги жазуу маданияты кыргыздарга таандык деген илимий негиздүү пикирин айтса, өз учурунда институттун кызматкерлери ал жазуу кыргыздарга таандык эмес, кыргыз жазуусу 1924-ж. эле пайда болду деген жооптуу укканда өтө өкүнгөндүгүн “Енисейская письменность тюрков” аттуу фундаменталдуу эмгегинин баш сөзүндө эскерет. Лобнорлуктарда, сары уйгурлардын арасында изилдөө иштерин жүргүзүп, бул этнографиялык топтор орто кылымдардагы кыргыздардын түз урпактары деген пикирди айткан. С.Е.Малов 1880-ж. 28-январда Казань шаарында туулган. Атасы Ефимия Александрович Малов Казань университетиндеги мусулмандарга каршы полемика деп аталган кафедраны жетектеген. Казань диний академиясынан билим алып, профессор Н.Ф.Катановдон чыгыш тилдери боюнча билим алган. Кийинчерээк Санкт-Петербург университетинин Чыгыш тилдери факультетин аяктайт. Ал Бодуэн де Куртэне жана Нечаевдерден “эксперименталдуу психологи” дарстарын уккан. С.Е.Малов араб, фарси жана түрк тилдерин окуп, адистешкен. Эң алгач чулумдар (Сибирдеги кыргыз тектүү саны аз этнос) боюнча изилдөө иштерин жүргүзөт жана институттан кийин Россия ИАсынын Антропология жана этнография музейинде китепканачы болуп ишке орношот. Тышкы иштер министрлигинин тапшыруусу менен С.Е.Малов Кытайда жашаган түрк тилдүү калктардын (уйгур, салар, кыргыз, сарт) каада-салт, үрп-адаттарын изилдеген, этнрографиялык, фольклордук маалыматтарды жыйнаган, музыкаларын жазып алган. Эң негизгиси, окумуштуу уйгур тилинде жазылган байыркы будда адабияты болгон “Алтындай жаркыраган акылман сөздөр, афоризмдер“ (Сутра золотого блеска) аттуу кол жазманы сатып алган. Бул кол жазма В.В.Радлов менен биргеликте кийинчерээк басылып чыккан. 1910-ж. Ганьсудагы сары уйгурлардан “Алтун яругду” алган. Бул кол жазманы чачылган абалдан жыйнап алган экен. 1917-ж. Казань университетинин профессору, Нумизматикалык коллекциянын директору болуп калган. Татар-мишарлардын тили боюнча эмгек жазып, 1922-ж. Петроградка кайрылып келет. Ленинград университетинде, институттарда өзбек, ойрот тилдери боюнча сабак берет, 1929-ж. өзү тапкан, үчүнчү Талас жазуусу боюнча эмгегин жарыкка чыгарган эле. Согуш жылдары С.Е.Малов Казак университетинде, педагогикалык институтунда профессор болуп иштейт. С.Е.Маловдун калемине 170 ашууну илимий эмгек таандык. Батыш Кытай, Орто Азия, Кахакстан, Монголия, Сибирь, Волга боюнун элдеринин тилдери, тарыхы, этнографиясы боюнча эмгектерди жазган С.Е.Малов эң биринчилерден болуп байыркы түрк тилинде жазылган жазуу эстеликтерин таап, изилдеп, аларды жарыялаган окумуштуу катары белгилүү. Мурда алфавити болбогон түрк тилдүү элдердин алфавиттерин түзүүгө жана орфографиялык тартиптерин калыптандырууга салымын кошкон окумушутуу. С.Е.Малов Чыгыш Европадагы секлер рун сымал алфавиттери менен салыштырууну сунуш эткен жана Енисейдеги кыргыз жазуусун башка этникалык топтор да колдонгон деген пикирди айткан. 1952-ж. “Енисейская письменность тюрков: Тексты и исследования» аттуу монографиясы жарык көрөт. С.Е.Маловдун изилдөөлөрү өзүнүн өтө илимий тактыгы, эрудициясы, кенен билимдүүлүгү менен айрымаланат. Изилдөөчүлөр С.Е.Маловду орус түркологиясынын символу катары карашат.

ЭмгектериОңдоо

  1. Отчёт о командировке студента Восточного факультета С Е. Малова // ИРКСА. № 9. 1909, С. 35;
  2. Несколько слов о шаманстве у турецкого населения Кузнецкого уезда Томской губернии // Живая старина. Год 18. Вып. 2—3. 1909. С. 38—41;
  3. Отчёт о втором путешествии к уйгурам // ИРКСА. Сер. 3. № 3. 1914. С. 86.
  4. Сутра золотого блеска. СПб., 1917 (совм. с В. В. Радловым);
  5. Заметки по каракалпакскому языку. Турстукуль, 1932;
  6. Шаманский камень «яда» у тюрков Западного Китая // Советская этнография. 1947. № 1. С. 151;
  7. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования. — М.-Л., 1951.
  8. Енисейская письменность тюрков: Тексты и иссл. М.; Л., 1952;
  9. Уйгурский язык. Хамийское наречие: Тексты, пер., слов. Фрунзе, 1956;
  10. Язык желтых уйгуров: Слов. и грамматика. Алма-Ата, 1957;
  11. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л., 1959;
  12. Уйгурские наречия Синьцзяна: Тексты, пер., слов. М., 1961;
  13. Заметки о каракалпакском языке. Нукус, 1966;
  14. Язык желтых уйгуров: Тексты и пер. М., 1967.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015