Малявин Филипп Андреевич

Малявин Филипп Андреевич [10 (22). 10. 1869, Самара губерниясы, Казанка кыштагы (азыркы Оренбург областы, Тоцк району) – 23. 12. 1940, Ницца] – орус живописчи жана график. 1906-жылдан Петербург Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү. 1885–91-жылдары Ыйык Пантелеймон монастрында кечилдикти кабыл алган жана икона тартуу өнөрканасында иштеген. 1922-жылдан чет өлкөдө жашаган. 1900-жылы Ф. А. Малявиндин «Күлкү» аттуу картинасы дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга ээ болгон. «Көчмө көргөзмө» агымы анын чыгармаларына таасирин тийгизген. 1924-жылдан Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Шарпантье галереясында чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөргөн. Ал чыгармачылыгында орус тематикасын көтөрүп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү