Мамай дөбөсүВолгограддын борб. бөлүгүндөгү дөңсөө.

Анда Ста­линград салгылашындагы (1942—43) жеңиш урматына эстелик-ансамбль тургузулган (1963—67; авторлор коллективи, жетекчиси Е. В. Вучетич, Я. Б. Белопольский; Лениндик сыйл., 1970). Ансамблдин борборунда Мекен Эне монументи жайгашкан (бийикт. 52 м).

Дөбө этегинде «Өлүмден кай­ра тартпайбыз» монументи, рельефтүү эки дубал, артында шаарды коргорчулардын эрдигин баяндаган скульптуралык 6 топ орнотулган Баатырлар аянты, эрдикти даңктоочу зал орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.