Мамакеев, Магомет Амаевич
Мамакеев, Магомет Амаевич (16(29). 12.1910 - 2. 8. 1973, Грозный) — чечен совет жазуучусу.
- 1927- жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Чыгыш эмгекчилер коммунисттик университетин бүткөн (1930).
- 1960-жылдан «Орга» («Аргун») альманахына редактор болгон.
- 1931-ж. «Чабалакей» аттуу туңгуч ыр жыйнагы жарыяланган.
- «Кандуу тоолор» (1936), «Учкун» (1940), «Менин жол кагазым» (1958), «Кайтып келем» (1963), «Мартан жергеси» (1971) ж. б. ыр жыйнактары бар.
- Мамакеевдин поозиясынын негизги темасы — кыйын кезеңдер жана дуйнөнү революциялык жол менен кайра куруучу адамдар.
- Ал чечен поэзиясына жаңы поэтикалык өлчөм жана рифма киргизген.
- Прозачы катары да белгилүү («Биринчи гудок», 1956; «Революциянын мюриди», 1962; «Зелимхан», 1968).
- «Чечен уруусунун бөлүнүү мезгили» (1962) деген ил. эмгектин автору.
- Эмгек Кызыл Туу ордени жана медаль менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.