Мамарасулов Сабиткул (1911, Сузак району, Сузак кыштагы - 1975, ошол эле жерде) - колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1937-жылдан пахта өстүрүү бригаданын звено башчысы. 1946-жылы ал жетектеген звено 5 га аянттын ар гектарынан 64 цден, 1947-жылы 4,76 га аянттын ар гектарынан 90,2 цден пахта жыйнап алган. 1948-59-жылдары Ленин атындагы колхоздун председатели.

Сыйлыктары түзөтүү

Төрт Ленин ордени. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.