Мамасалиев Калдар (1908, Өзбек ССРи, Фергана областы Ак-Коргон кыштагы - 1976, Ленин району, Сакалды кыштагы) — пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Коллективдештирүү мезгилинде колхозду уюштурууга активдүү катышкан. Ленин районундагы «Коммунизм» колхозунун пахтачылык бригадасында звено башчы. Бир нече жыл катары менен ал башкарган звено пахтадан жакшы түшүм алып келген. 1947-жылы 3 га аянттын ар гектарынан 89,3 вден, 1948-жылы 6 га аянттын ар гектарынан 73 цден пахта жыйнап алган.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.