Маматалиев Асан 1963-жылы 16-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1979-жылы Сузак районунун Дзержинский атындагы 8 жылдык мектебинен 8-классты аяктап,
  • 1981-жылы Макаренко атындагы орто мектебинен 10-классты бүтүргөн.
  • Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы педогогикалык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап келгенден кийин, У.
  • Абдукаимов атындагы орто мектебине дене тарбия мугалими болуп жумушка орношот.
  • Андан соң, 1997- жылдан ушул кезге чейин, жеке ишкерлик менен алектенип, ошону менен катар, коомдук иштерге активдүү аралашып, айылдагы ар кандай спорттук мааракелерге демилгечи болуп, демөөрчүлүк көрсөтүп келет.
  • Жаштар арасында аброю абдан чоң.
  • 2012-жылы Багыш айыл кеңешине депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3