Маматибраим Бостонкулов

Бостонкулов Маматибраим - акын жана обончу Маматибраим Бостонкулов Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылында 1954-жылы 28-февралда туулган.

1970-жылы «Ленинчил жаш» орто мектебин бүтүрүп, Оштогу №21 кесиптик окуу жайында билим алган. 1974–1975-жж. «Ленинчил жаш» колхозунун клубунун директору болуп иштеген.

1976–1980-жж. Ош шаарындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алып, Ош облустук Эл чыгармачылык методикалык борборунда эмгектенген. 1982–1987-жж. Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун хорду дирижерлөө бөлүмүндө окуган. 1984–2002-жж. Оштогу педагогикалык окуу жайынын мугалими, 2002–2003-жж. Ош Технологиялык университетинин маданий эстетикалык борборунун директору болуп иштеген.

М.Бостонкулов 1968-жылы алгачкы обондуу чыгармаларын жаратып, учурда 200дөн ашык обондун, 7 фортепианолук пьеса, сонаталардын, 5 хордук, 50дөй балдар үчүн чыгармалардын автору катары таанымал. Анын алгачкы “Наристе күлкүсү” аттуу китеби 1996-жылы жарык көргөн.

1975-жылы Кара-Кулжа районунун «Тоо-Булагы» ыр-бий ансамбли менен Москвада өткөн Бүткүл союздук кароо-сынакка катышып, лауреаттык наамга ээ болгон.

Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук I, II, III кароо-сынактарынын, республикалык «Ыр кесе» оюн-зоок телеберүүлөрүнүн, республикалык, облустук, шаардык өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-сынактарынын көп жолку лауреаты, дипломанты болгон.

Ош Технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин гимнинин автору. Республикалык ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланган милиция ырларынын кароо-сынагында «Милиция маршы» ыры менен 1-орунду, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жоокер ырлары сынагында «Сагынамын күт жаным» деген жоокер ыры менен 3-орунду жеңип алган. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы жана Маданияттын мыкты кызматкери.

Ал “Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу” наамын алып, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал эми 2014-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2005-жылы Композиторлор Союзунун Ардактуу мүчөсү.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Театрлар Союзунун академиги.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Наристе күлкүсү. – Ош, 1996. - 64 б.

Ыр кесе сизге сунулду. – Б.: Бийиктик, 2004. - 136 б.

Чакырык: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. - 220 б.

Мезгил сапары: Жыйнак. – Б.: Кагаз ресурс, 2005. - 176 б.

Балдарга ырдесте: 1-7-кл. Хрестоматия. – Б.: Бийиктик, 2008. - 220 б.

Шүүдүрүм: -Бийиктик, 2011, -212б

Ыр маанай: -"Полиграфбумресурсы" басмаканасы, Бишкек. 2012. -236б

Рух шыбагасы: Ош басмаканасы. Ош 2014, 140б

Маданият баалулуктарын сактаган сырдуу Ош 3015: Улуу тоолор,2015.180б

Колдонулган адабияттар түзөтүү