Маматканов Апсали
Маматканов Апсали 1925-жылы 15-февралда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1941-жылы Багыш жети жылдык мектебин, 1942-жылы мугалимдер курсун аяктап, өз айылында мугалим болуп иштей баштаган.
- 1943-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып орден, медалдар менен сыйланган.
- Согуштан кийин эс алуу жашына чейин өз айылында мугалим болуп эмгектенген.
- Мектепте ыр, бий, эмгек кружокторун жетектеп, 1959-жылы Республикалык фестивалда “Ак-кептер” ыр-бийи ансамбли менен катышып, фестивалдын лауреаты болушкан.
- “Эл агартууңун отличниги”
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3