Маматова, Үрүниса – акын. Кара-Кулжа районундагы Октябрь айылында 1951-жылы 29-январда туулган.

1968-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, эки жыл өз айылында башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, 1972–1977-жж. «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Университетти аяктагандан кийин Кыргыз совет энциклопедиясынын физика, математика, техника редакциясында кенже редактор, 1985–1990-жж. Кыргыз Жазуучулар союзунда машинистка болуп иштеген. Андан кийин 2007-жылга чейин соода менен алектенип келген.

Чыгармачылык жолу 8-классты аяктап жатканда, акыркы коңгуроо күнү Өзгөн райондук «Октябрь туусу» гезитине «Кош мек-тебим» деген ырынын чыгышы менен башталган. Андан кийин ыр-лары облустук, республикалык басмасөздө жарыяланып келди.

«Ак куш» денен алгачкы ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.

1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ак куш: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 55 б.

Медер: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 69 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү