Маматов Жыргалбек 1968-жылы 15-февралда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1985- жылы A. С. Макаренко атындагы орто мектебин,
  • 1993-жылы Новосибирск шаарындагы Мамлекеттик Агрардык Университетинин Зооинженер факультетин аяктаган.
  • 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
  • Эмгек жолун 1993-жылы Макаренко атындагы орто мектепте уюштургуч завуч болуп иштеп баштаган.
  • 1996-2005-жылдары Багыш айыл өкмөтүндө салык инспектору, өкмөт башчысынын орун басары, өкмөт башчысы,
  • 2006-2010-жылдары «Фриалис» Агротехсервистин директору,
  • 2010-жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик окуу жайынын директору болуп эмгектенет.
  • 1996-жылы Багыш айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Бир нече ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3