Маматов Кадырбек 1950-жылы 3-мартта Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1970-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин, ошол эле жылы Жалал-Абаддагы соода окуу жайын,
  • 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Автожол техникумун,
  • 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтту аяктаган.
  • Эмгек жолун техникумдун жолдомосу менен Жалал- Абад шаарындагы Техниканы Тейлөө Станциясынан баштаган (СТО).
  • 1973-1995-жылдары ТТСте мастер, начальник, гендиректор болуп эмгектенет.
  • Жылдык планды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн 1979- жылы Москва Минавтопромдон ВАЗ 2106 «Жигули» автомашинасы менен сыйланган.
  • 1995-2001-жылдары Сары-Булак дыйкан чарбасынын башкармасы,
  • 2001-2008-жылдары Ош автобазасынын Гендиректору,
  • 2010-2013-жылдары Багыш жайыт комитетинин төрагасы болуп эмгектенип,
  • 2013-жылдан бери, Сузак райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелер коомунун жана Жалал-Абад областтык жайыт комитетинин төр агасы болуп иштеп келе жатат.
  • 1995-жылы үй-бүлөөсү менен 4 гектар жерге жаңгак олтургузуп, ошондой эле көчкү басып калган 5 гектар жерди пайдаланууга жарамдуу кылып өздөштүргөн.
  • Министерствонун, областтын, райондун Ардак грамоталары, ошондой эле 2007-жылы «Жигули» автомашинасы жана 100000 сом акча менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3