Маматов Урматбек 1977-жылы 6-январда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1994-жылы Мичурин атындагы орто мектепти,
  • 1998-жылы Жалал- Абад шаарындагы Коммерциялык Институтунун “Экономика жана бизнес” факультетинин инженер- технолог адистигин аяктап,
  • 2006-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык Университетинин “Экономика жана ишканаларды башкаруу” факультетинин экономист-менеджер адистигин окуп бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1998-жылы Жалал- Абад шаарындагы “АОЗТ Арак заводуна” инженер- жабдуучу, андан кийин арак куючу цехтин башчысы болуп иштеп баштаган.
  • 2000-2004-жылдары “Бурулсун” жоопкерчилиги чектелген коомунда чарба башчы, “Жалал-Абад сельхозхимия” жоопкерлиги чектелген коомунда төраганын орун басары, аткаруучу директору,
  • 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык Кеңешке депутат болуп шайланып, өнөр жай жана сатуу, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары,
  • 2008-жылы кайрадан депутат болуп шайланып ошол эле комиссиянын 2011-жылга чейин төрагасы болуп иштеген.
  • 2011-жылдан бери Жалал- Абад шаарынын Мэринин биринчи орун басары, коммуналдык масалелер боюнча орун басары болуп иштеп келе жатат.
  • Бир канча “Ардак грамоталар” менен сыйланган.
  • Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуул” наамынын ээси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3