Мамбетакунов, Калык Барыктабасович

Мамбетакунов Калык Барыктабасович (1952-ж. т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы) - коомдук ишмер.

Мамбетакунов Калык Барыктабасович.

Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2003).
16 жашында көзү көрбөй калган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Каракол шаарындагы кыргыз азиздер жана дүлөйлөр үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасында баштаган.
1978-81-ж. ушул ишкананын директорунун орун басары, 1981-86-ж. Жалал-Абадтагы, 1986-91-ж. Бишкектеги азиздер жана дүлөйлөр ишканасынын директору.
1991-ж. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармалыгынын төрагасы, 1999-жылдан коомдун президенти.
2001-жылдан Азия Азиздер Союзунун аткомунун мүчөсү, 2003-жылдан Бүткүл дүйнөлүк азиздер союзунун аткаруу комитетинин теңтөрагасы.
«Даңк» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү