Мамбетакунов Орозакун (5.10.1940-жылы туулган, Нарын областы, Ат-Башы району, Ача-Кайыңды айылы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1977). 1964-жылдан Ат-Башы районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздун баш чабаны. Малдын санын көбөйтүү жана жүн алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1970–74-жылдары ар жүз тубар койдон 143–166дан козу, ар койдон 4,0–5,4 кгдан жүн кыркып алган. 1979–84-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты[1]. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Список депутатов Верховного Совета СССР X созыва