Мамбеталиев Эркинбек
Мамбеталиев Эркинбек 1977-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1994- жылы Макаренко атындагы орто мектебин,
- 1996- жылы Бишкек шаарындагы Автожол техникумунун техник-механик адистигин,
- 2000-жылы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура Университетинин инженер-механик адистигин,
- 2010-жылы Жалал-Абад Экономика жана ишкердик Университетинин финансы-кредит адистигин аяктаган.
- 1999-2004-жылдары Бишкек шаарындагы “Ай-Данек” коомдук фондунда коммерциялык директор, аткаруучу директор,
- 2005-2006-жылдары Жалал-Абад шаарындагы “Тынчтыкты куруу тобу” коомдук фонддо долбордун ассистенти,
- 2006-2009-жылдары Сузак районундагы “Айыл Банк” ААКда кредит берүү адиси,
- 2009-жылдан бери Сузак районундагы “Бай Түшүм” банкынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенет.
- Багыш айылдык Кеңешинин 2008, 2012-жылкы чакырылыштарынын депутаты.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3