Мамбетова Нарбү
Мамбетова Нарбү (1.12.1952-ж. т., Каныш-Кыя айылы) - коомдук ишмер.
- Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн (1974).
- 1974-81-жылдары райондогу орто мектептерде мугалим,
- 1981-88-жылдары “Чебурашка” балдар бакчасынын башчысы,
- 1988-89-жылдары райондук аткаруу комитетинде инструктор,
- 1989-90-жылдары Каныш-Кыя айылдык кеңешинде жооптуу катчы,
- 1990-93-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор,
- 1993-96-жылдары Социалдык камсыздоо бөлүмүндө инспектор,
- 1996-2008-жылдары Жарандык Абалдын Актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы,
- 2008-09-жылдары Социалдык фонд башкармасында башкы адис,
- 2009-жылдан ЖААКта кайрадан адис болуп иштеген.
- 1987-2009-жылдары райондук Аялдар кеңешинин төрагасы.
- Облустун, райондун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6