Мамиле - элементтердин белгилүү бир система боюнча жайгашканын жана бири-бирине көз карандылыгын туюндурган философиялык категория; адамдын бир нерсеге карата ээлеген эмоциялык-эрктик өңүтү; ар каңдай объектилердин же бир объекттин ар кыл жактарын ойдо салыштырып кароо.

Мамиле тийиштүү элементтердин ар кайсы деңгээлиндеги татаал системасын түзөт. Буга мыйзам мисал боло алат. Мамиле нерселердин сапаттары менен белгилеринин ролун да аткара алат. Коомдук мамилелердин өзгөчө тибин түзөт. Изилдөөнүн системалык методунун ролу жогорулаган сайын Мамиле категориясы илимий зор мааниге ээ болууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4