Мамиле категориясы - этишке мүнөздүү категория. Кыймыл-аракеттин субъектиси менен объектисинин ортосундагы мамиле, б.а. сүйлөмдө ээлик милдет аткарган сөздүн же кыймыл-аракеттин чыныгы аткаруучусунун субъект же объект экендигин аныктоочу мамиле.

Ал катнаш атайын морфемалар менен берилет жана алар этиштин этиштин составында колдонуп, ал билдирген (туюндурган) кыймыл-аракетке канчалык катнашы бар экендигин көрсөтөт. Кыргыз тилинде этиштин беш мамиле формасы бар: негизги мамиле этиштик уңгу менен бирдей болот да, кыймыл-аракетти грамматикалык ээ аткарат.

Өздүк мамиленин формасы н, -ын; туюк мамиленин формасы -л, - ыл; айрым учурларда -н, -ын; кош мамиленин формасы -ыш, - ш; аркылуу мамиле көп мүчө аркылуу берилет. Анын семантикасы – баяндооч билдирген кыймыл-аракет грамматикалык ээ тарабынан аткарылбастан, анын демилгеси менен башкалар аркылуу аткарылат: Алым балдарга сочинение жаздырды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4