Мамин-Сибиряк
Мамин-Сибиряк (чын фамилиясы – Мамин) Дмитрий Наркисович [25. 10(6. 11).1852, Пермь губерниясы, Висим – 2(15). 11. 1912, Санкт-Петербург] – орус жазуучусу. 1868–72-жылдары Пермь диний семинариясында окуган. 1871-жылы Петербург медициналык-хирургия академиясына кирген, бирок аны бүтпөй, Петербург университетинин укук факультетине которулуп, каражаты жоктугунан аны да уланта алган эмес. Чыгармалары 1875-жылдан жарыяланган. Жазуучунун талантынын жетилишине, көз карашынын калыптанышына 60–80-жылдардагы демократчыл философия менен революциялык кыймыл таасир эткен. Ал таасирдин белгилери «Приваловдун миллиондору» (1883), «Тоодогу уя» (1884), «Маанисиз бакыт» (1884), «Үч түйүн» (1890), «Ак алтын» (1892), «Нан» (1895) романдары менен «Сибирь аңгемелери» сыяктуу аңгеме, очерк, повесттеринде 19-кылымдын 2-жарымында Урал менен Сибирде жашаган адамдардын турмуш-тиричилигин, кулк-мүнөзүн реалисттик планда чагылдырган. Анын балдар үчүн жазган чыгармалары өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүн дыкат чечмелеп бергендиги менен бааланат. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган («Ак алтын», 1972, С. Бөлөкбаев ж.б.).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7