Мамлекет – 1) укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, баардык коомго таралуучу, анын ырасмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Коомду башкаруучу тутум катары ички түзүмгө, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу атайын органдарга – М. механизмдерине жана аппаратка ээ; 2) конституциялык укукта бийликтин ырасмий органдарынын (өкмөт, парламент, соттор ж. б.) жыйындысы, бир өлкөнүн же башка аймактык-саясий бирдикте ошол органдардын (префектери, комиссарлары ж. б.) жергиликтүү агенттери (өкүлдөрү) менен аракеттенүү; 3) эларалык укукта эларалык мамилелердин негизги субъекти. Өзүнө уюмдашкан саясий бийликти жана белгилүү аймактагы калкты камтыйт. Негизги аныктоочу белгиси эгемендүүлүк болуп саналат.

 Мамлекет-бул бийликтик саясий мекеме,озунун башкаруу жана мажбурлоо аппаратына ээ,озунун территориясына укук-тартибин киргизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү