Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги

Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги – азыркы эларалык мамилелерин түзүүчү өтө маанилүү эларалык укук ынанымдарынын бири. 1970-жылкы БУУ Уставына ылайык, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелер менен кызматташтыкка тийиштүү эларалык укук принциптери жөнүндөгү Декларациясында М. э. т-нин принциптери кыйла толук чагылдырылган. Бул Декларацияга караганда, эгемендүү теңчилик деген түшүнүк өзүнө төмөнкүлөрдү камтып турат: а) мамлекеттер юридикалык жактан тең; б) ар мамлекет толук эгемендүүлүккө мүнөздүү болгон укуктарды колдонот; в) ар мамлекет башка мамлекеттердин укук субъектүүлүгүн сыйлоого тийиш; г) мамлекеттердин аймактык бүтүндүүлүгү, саясий көзкарандысыздыгы кол тийгис; д) ар мамлекет өзүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий тутумун эркин тандап алууга жана өнүктүрүүгө акылуу; е) ар мамлекет өзүнүн эларалык милдеттенмелерин толук жана акниеттүү аткарып, башка мамлекеттер менен тынчтыкта жашоого тийиш. Эларалык мамилелерде эске алынуучу мамлекеттердин юридикалык теңчилиги иш жүзүндөгү теңчиликти түшүндүрбөйт. БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн өзгөчө абалы мунун бир мисалы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү