Мамлекеттик аймак – жер мейкиндигинин кандайдыр бир мамлекеттин бийлигинде турган, анын эгемендүүлүгүнө баш ийген бөлүгү. М. а-тын тутумуна: а) материктик (континенталдык) жана аралдык кургак жерлер кен-байлыктары менен; б) ички сууларды (өзөн сууларын, көлдөрдү, жасалма суу объекттерин) камтыган суу мейкиндиктери, ички деңиз суулары (деңиз бекеттеринин, деңиздеги булуңдардын, куйма, чыккан суулардын, куйма булуңдардын, эстуарилердин суулары) жана аймактык суулар (аймактык деңиздер); г) жер атмосферасынын бир бөлүгү болгон кургак жер жана суунун үстүндө жайгашкан аба мейкиндиктери кирет. М. а-тардын тышкы чектери чектеш мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык, болбосо тарыхий калыптанган каада-салттардын негизинде аныкталган мамлекеттик чегара тилкеси менен белгиленет. Мамлекет өзүнө таандык аймакка карата үстөмдүккө ээ болот (кара:Аймактык үстөмдүк); М. а-ты ошол аймактык эгемендүүлүктүн макулдугусуз чет жактардын пайдалануусу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү