Мамлекеттик бюджет – мамлекеттин кирешелери менен чыгымдарынын жыл сайын түзүлүүчү сметасы (бөлүштүрүлүшү). Ал мамлекеттик киреше булактарын көрсөтүү жана чыгымдардын багыттарын аныктоо аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик бюджет өкмөт тарабынан иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу бийлиги бекитет. Өлкөнүн бюджет-салык саясатын, тийиштүү активдерди башкаруу жана милдеттенмелерди жүргүзүүдө мамлекет менен башка субъекттердин ортосунда экономикалык мамилелер түзүлүп, андан мамлекеттик бюджетте көрсөтүлгөн акча агымдары пайда болот. Бюджет укуктук акт (бюджет мыйзамы) түрүндө кабыл алынып, анда кирешелерди түшүрүү планы жана чыгаша чектөө­лөрү каралат. ошондой эле пландаштырылган мөөнөт ичинде мамлекеттик карыздардын тийиштүү көлөмү көрсөтүлөт. Бюджеттеги чыгымдардын өзөгүн негизинен мамлекеттин тийиштүү милдеттенмелерди (бюджеттик структураларга эмгек акы төлөө, пенсия, жөлөк пул ж. б.) аткаруу түзөт. Бюджет жөнүндө мыйзам пландаштырылган мөөнөткө (финансылык жыл эсебинде) кабыл алынат да, укуктук мамилелерди түзүп, андан четтебейт. Мамлекеттик бюджет бюджеттик-салык жана акча-кредит мамилелеринин ажырагыс бөлүгү катары экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун негизги аспабы болот. Ал бөлүштүрүүчү, турукташтыруучу жана көзөмөлдөөчү милдеттерин аткарат. Мамлекеттик бюджет өлкөнүн өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлинде киреше менен чыгашалардын эсебин туура пландуу бөлүштүрүү зарылчылыгынан пайда болгон. Мисалы, Англияда 17-кылымдын аягында бюджет деп өлкөнүн киреше-чыгаша документи аталган. Ар бир өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин мүнөзү өлкөнүн түзүлүш тибине, экономикалык, табигый жана социал. өнүгүү шарттарына, ички жана тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрүнө ж. б. байланыштуу ар кандай болот. Бюджетте кирешелерге, караганда чыгашалар көп болсо, мамлекеттик бюджетте дефицитти (дефициттик бюджет), ал эми тескерисинен болсо профицитти (профициттик бюджет) жаратат. Айрым өлкөлөр мамлекеттик бюджетти экиге бөлөт (кезектеги чыгашалар бюджети жана өнүгүү бюджети). Мисалы, Англия, АКШ, Канаданын мамлекеттик бюджетинин өзөгүн өлкөдөгү салык чогултуу системасы түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү