Мамлекеттик символдор (гр. symbolon – белги) – айкын мамлекеттин улуттук эгемендүүлүгүнүн жана өзалдынчалыгынын жүзүн көрсөтүүчү мыйзамда белгиленген айырмалоо белгилери. Негизги М. с-го төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик туу, мамлекеттик герб, мамлекеттик гимн, мамлекеттик түстөр, мамлекет башчысынын штандарты, мамлекеттик мөөр, мамлекеттик ураан. КРде М. с. болуп КР Мамлекеттик туусу, КР Мамлекеттик герби, КР Мамлекеттик гимни эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү