Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту ― эл аралык катнаштар (эл аралык учуулар) үчүн ачык темир жол бекетинин (чордонунун), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги аймак, ошондой эле чек ара аркылуу өтүүчү жарандарга, унаа каражаттарына, алынып өтүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга мамлекеттик көзөмөлдөө жана өткөрүү жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик чек арага түздөн-түз жакын атайын жабдылган жер[1].

Кыргызстанда түзөтүү

   Кыргызстан-Казакстан.

  • Ак-Жол унаа жолдук (Чүй облусу);
  • Чалдабар унаа жолдук (Чүй облусу, Панфилов району);
  • Ак-Тилек унаа жолдук (Чүй облусу, Ысык-Ата району);
  • Каркыра унаа жолдук (Ысык-Көл облусу, Түп району);
  • Чоң-Капка (Талас облусу, Манас району).

  Кыргызстан-Кытай:

  • Торугарт унаа жолдук (Нарын облусу);
  • Иркештам унаа жолдук (Ош облусу).

   Кыргызстан-Өзбекстан:

  • Достук унаа жолдук (Ош облусу);
  • Маданият (Жалал-Абат облусу).

   Кыргызстан-Тажикстан:

  • Кызыл-бел унаа жолдук (Баткен облусу);
  • Кулуңду (Баткен облусу);
  • Бор-Дөбө унаа жолдук (Ош облусу).

Булактар түзөтүү