Мамыров Муңдук (1928, Тоң району, Туура-Суу айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1964). Пржевальскидеги педагогика окуу жайын (1945) бүткөн. 1945—47-ж. Тоң районундагы Туура-Суу жети жылдык, «Коммунизм» орто мектептеринде мугалим. 1947—51-ж. Фрунзедеги педагогика институтунун филология факультетин бүтүп, ошол эле жылдан институттун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын аспиранты (1951 — 54). 1954—57-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окутуучу. 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторунда кенже илимий кызматкер, 1967-жылдан улук илимий кызматкер, 1986жылдан Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн улук илимий кызматкери. М-дун «Манас» эпосуна арналган негизги эмгектери: «Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү» (1962), ««Семетей» — «Манас» трилогиясынын экинчи бөлүгү» (1963), «Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө» (1967), «Адабият башаты» (1986). манасчылардын чыгармачылыгы, алардын өзгөчөлүгү, эпостун алгачкы айтуучулары жана анын чыгышы жөнүндө маселелерди козгогон макалалардын автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4