Мамытов Миталип (16. 12. 1939-жылы туулган, Ош областы, Ноокат району, Көк-Жар айылы) – нейрохирург, медицина илимдеринин доктору (1987), профессор (1989), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2005), корреспондент мүчөсү (2000), Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры (2011). КММИни (1966), Ленинград нейрохирургия ИИИнин аспирантурасын (1971) бүтүргөн. КММИде ассистент (1972–76), доцент (1976–89). 1989-жылдан КММАнын невропотология жана нейрохирургия кафедрасында профессор КММАда декан, проректор (1988–97), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри (2002–05.) болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1989) жана илимге эмгек сиңирген ишмер (1999). Нью-Йорк Илимдер академиясынын академиги (1999), Россия нейрохирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү (2002). Илимий эмгеги мээнин шишиктерин хирург. жол менен дарылоого арналган. Нейрохирургия боюнча адис. 130дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 4 ойлоп табуусу, 5 окуу куралы бар. Даңк медалы (1997), «Миллиондун бири» номинациясынын алтын медалы (2001) менен сыйланган. Эмгектери: Опухоли головного мозга. Учебное пособие для студентов (в соавторстве). Б., 1997; Избранное. Б. 1999; Черепно-мозговая травма (клиника, диагностика и лечение). Б. 2001; Нейрохирургические проблемы мозговых инсультов. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү