Мамытов Токон Болотбекович

Мамытов Токон Болотбекович (18. 12. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары) – генерал-лейтенант (2006), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (2009). Пржевальск педагогикалык институтун (1979), Минсктеги СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун (1981), Москвадагы Ю. Андропов атындагы СССР мамлекеттик коопсуздук институтун (1987) бүтүргөн. 1979–80-жылдары Пржевальск (азыркы Каракол) шаардык билим берүү тармагында жооптуу кызматтарда, 1981–92-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында оперуполномочен, бөлүм башчы, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүндө начальник, 1992–97-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, бөлүмдүн, башкармалыктын начальниги, 1997–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин, 2003–05-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, 2005–06-жылдары Президенттик администрацияда бөлүм начальниги, 2006–07-жылдары Президенттик администрация башчысынын орун басары, 2007–08-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2009–10-жылдары Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2010-жылдан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү