ман – экзистенциализмдин негизги түшүнүктөрүнүн бири; Хайдеггер киргизген. Ман термини аныкталбаган – жекече сүйлөмдөрдө субьект катары чыгат. Ман дүйнөсүндө болуу – бул Хайдеггердин айтканы боюнча жеке адамдын өзүнүн чыныгы жолундагы ар бир кырдаалды тандабастан «бардыгы катары» ойлоп, сезип жана аракеттенип жашоо ыкмасы. Ман тилдин, ойдун ж. б. сенек болгон жана «затсыздандырылган» формасы түрүндө моралдын жүрүм-турумунун жалпы кабыл алынган принциптери түрүндө болот. Ман Хайдеггер боюнча ар дайым адамга душман, анын эркин иштешине тосколдук кылат, аны өз алдынчалыгынан ажыратат.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8