Манапчылык – кыргыз коомундагы башкаруу системасынын бири. Негизинен Кыргызстандын Россияга каратылышына чейинки мезгилде калыптанып, Октябрь Революциясынан кийин биротоло жоюлган. Манапчылык негизинен бий, баатырлар менен катар эле Түндүк Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда (мисалы, бийлик жүргүзүү, эл тагдыры, коомдогу өндүргүч күчтөрдү тескөө, коомдук мамилелерди аныктоо) чечүүчү роль ойногон. Кээ бир окумуштуулар (С. Абрамзон, Ө. Осмонов, Т. Өмүрбеков жана башка) Манапчылык институту адегенде сарыбагыш уруусунда калыптанып, кийинчерээк башка урууларга (солто, саяк жана башка) тараган жана аны 19-кылымдын аяк ченинде мансап катары Түндүк Кыргызстандагы бардык уруу башчылары кабыл ала баштаган деп эсептешет. Фольклор изилдөөчү Ы. Абдырахманов кыргыздын кээ бир урууларынын Манапчылык эмне экенин түшүнүп, бирок алар иштеген иштерди иштей албаганын белгилеген. Бирок Кыргызстан Россиянын колониясына айлангандан кийин падыша өкмөтү Манапчылык системасын өзүнө атааңдаш катары эсептеп, анын маңызын өзгөртүүгө киришкен. Аны иш жүзүнө ашыруу үчүн ар кандай реформалар (мисалы, болуштуктарды түзүү) жүрүп, атайын мыйзамдар (шайлоо системасы) кабыл алынган. Ошондуктан бийликтен четте калбоо үчүн көпчүлүк манаптар Манапчылыктын мурунтан калыптанып калган этикалык каада-салтын бузууга (калыссыздык, паракорчулук) жол берип, натыйжада анын кадыры төмөндөп кеткен. Манапчылыктын качан пайда болгону азырынча белгисиз, бирок көпчүлүк изилдөөчүлөр аны 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында Түндүк Кыргызстанды бийлеген Манап бий менен байланыштырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Абрамзон С.М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня. Этническая история народов Азии. М., 1972;
  • Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993.