Манастын ата журтту душмандардан бошоткону

Манастын ата журтту душмандардан бошоткону — эпостун башкы темасы менен байланышкан чоң бөлүмдөрдүн бири, ата журтун издөө, аны душмандардан бошотуу, чачылган элди бириктирүү өңдүү темаларга байланыштуу окуяларды камтыйт. Элди, жерди баскынчылардан бошотуу менен элди бириктирүү дайым ажырагыс биримдикте каралуучу жана бири-бирине байланыштуу чечилүүчү темалардан. Түрдүү элдердин фольклордук чыгармаларында кеңири кезигүүчү мындай сюжеттер баатырдык эпостордун мазмунуна киргизилгенде конкреттүү элдин тарыхый жолундагы - өрүнүктүү окуялар, урунттуу учурлар менен байланыштырылып, чыгармада ошол мезгилдин изи катарындагы мүнөзгө ээ болуп берилет. «Манас» эпосунун ушул бөлүмүндөгү сюжеттерге негиз болгон окуялар элибиздин өткөн доорлордогу уйгурлар, калмактар, кара кытайлар, жунгарлар менен болгон мамиле, алакалары, согуш-күрөштөрүнүн изи дешке толук негиз бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4