Манжурлар - Түндүк-Чыгыш Кытайдын түптүү калкы. Өздөрүн «манчжу нялма», «манчжу жэн» деп аташат. Түндүк-манжур тилдеринин бир диалектисинде сүйлөгөн эл. Калктын учурдагы жалпы саны 10 млн. ашуун. Манжур тили айрым гана жерлерде (Хэйлунцзян провинциясы) сакталып калган. Манжурлардын басымдуу бөлүгү кытайлашып кетишкен. Бул элдин этностук негизин сушэнь, шлоу, уцзи, мохэ жана башка уруулар түзгөн. Түрк-монгол элдеринин да тийгизген таасири зор. Уруулук-патриархалдык бөлүнүү сакталып калган. Санжыралык баяндарга маани беришет. Жазуусу (17-к.) монгол алфавитине негизделип иштелип чыккан. Диний ишеними - буддизм карманышат. Даонун жолун колдоо менен бирге, байыркы салттуу диндеринин (шаманизм, тотемизм, фетишизм) элементтерин сактап калышкан. Материалдык жана руханий маданиятында кытайлардын күчтүү таасири байкалат. Байыркы жана орто кылымдар мезгилинде кыргыздар манжурлар менен алакада болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү