Маникюр — колдун тырмактарын гигиеналык, косметикалык максатта тазалап багуу. Маникюрду 7 —10 күндө бир жолу жасоо талапка ылайык. Адегенде эски лактын калдыгын ацетон же атайын эриткич менен кетирип, тырмакты кайчы же кыпчуур менен каалаган узундукта кыскартат. Кыска, жоон манжалардын тырмагын узунураак, ичке манжалардыкын тегерек кылып алуу сунуш кылынат. Тырмак илинбес үчүн бир багытка өгөөлөө керек. Өгөөлөгөндөн кийин тырмактын тегерегин майлап, калакча менен терисин түртүп, аны жумшартуу үчүн манжаларды бир нече минута самындуу жылуу сууга малат. Анан суудан чыгарып, аарчып, жумшаган терини кичине кайчы менен, тырмактын кычыктарын курч кыпчуур менен кесет. Кокустан бир жерин кесип алса, суутектин өтө кычкылынын 30%түү эритмесине малынган кебез менен басып, анан йод сүйкөп коюу керек. Андан кийин манжанын учтарын кургата аарчып, тырмактарды лактайт. Жайкысын күнгө күйгөн териге ачык түстөгү лак жарашат. Узун тырмактарды түбүнө чейин лактоого болбойт. Эндүү тырмактын ортосун гана узун тилке түрүндө боёо сунуш кылынат. Тырмакты лактабай эле лимон ширеси менен же бир кесим замша же момозуйга бор сээп, тырмакты сүртүп, жалтыратууга болот. Бирок бор менен көп сүртүүдөн тырмак жукарып сынып кеткендиктен аны узакка колдонууга болбойт. Маникюр жасоодо санитария-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл. М. жасоочу аспаптар этил спирти же атайын эриткич менен дезинфекцияланат, аларды кайнатууга болбойт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8